колледжде Olimp Travel компаниясы студенттер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда чет өлкөгө жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, талаптар жана шарттар тууралуу кеңири маалымат берилди.
Студенттер үчүн пайдалуу, мотивациялык жана жаңы максаттарга шыктандыруучу жолугушуу болду. 🤝🌍Жыл сайын биздин колледждин бүтүрүүчү курс студенттери Болгария жана Түркия өлкөлөрүнө барып практика жана стажировкадан өтүп келишет.
Бул программанын аркасында студенттер эл аралык тажрыйба топтоп, кесиптик чеберчиликтерин жогорулатып, өз келечегине чоң мүмкүнчүлүк ачышат.






