Балыкчы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан уюштурулган Бош орундардын жана кесиптердин жарманкесине биздин колледж дагы активдүү катышты.
Колледжибиз өз адистиктери, окуу мүмкүнчүлүктөрү жана абитуриенттер үчүн сунушталган программалар тууралуу кеңири маалымат берди.
Жарманке жемиштүү өтүп, көптөгөн жаштарга туура кесип тандоого түрткү болду. 🤝✨





